Биз менен байланышыңыз

Азия кубогу: Кыргызстандын 1/8 финалга өтөрү анык болду

Кыска кабар , Спорт | 17 Янв 2019 | 706 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Азия кубогунда 1/8 финалга өтөрү анык болду. Мелдештин эрежеси боюнча 6 тайпадан упай боюнча алдыңкы 2 команда чыгат. Андан сырткары тайпалык баскычта 3-орунду ээлеген 6 команданын ичинен алдыңкы төртөө да плей-оффко аттанат. Кыргызстан азыркы учурда 3 упайы жана киргизген 4 голу менен 2-орунда турат. Анын ылдый жагында Вьетнам жана Палестина курамалары жайгашкан. Бул эки өлкөнүн оюнчулары тайпалык баскычтарынын бардык оюндарын ойноп бүтүшкөнү себептүү жыйынтык өзгөрбөйт. 3-орунду ээлегендердин катарында 5-6-орунда Ливан жана Оман курамалары турат. Алар бүгүн акыркы беттештерин өткөрөт. Ливан Кыргызстандан озуп өтүүсү үчүн Түндүк Кореяны 5 гол, ал эми Оман өз атаандашы Түркмөнстанды 3 гол айырма менен жеңүүсү кажет. Мындай оор шартта жогорудагы талап ишке ашса да Кыргызстан 4-орунга түшүп, 1/8 финалга аттанары анык.


Кошумчалай кетсек, Кыргызстан Азия кубогуна аттанып, С тайпасында Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен беттешти. Алардын ичинен Филиппинди гана 3:1 эсеби менен жеңе алды.

Copyright © 2017 Maral FM