Биз менен байланышыңыз

«Эйр Кыргызстандын» мурунку жетекчиси аэропорттун директорлор кеңешине мүчө болду

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 1755 | 0

Жолдош Токторбаев “Манас” эл аралык аэропорту ААК башкармалыгынын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.  “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Жолдош Токторбаев аэропорттун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланганын “Марал” радиосуна тастыктады.

Анын айтымында, бүгүн, 16-январда аэропорттун акционерлер тобунун кезексиз жыйыны болуп, анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду “Манастын” директорлор кеңешине талапкер 10 адамды сунуштаган. Акционерлер тобу Тилек Эралиевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында Жолдош Токторбаев директорлор кеңешинин мүчөсү болуп шайланды.

“Манас” эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинин курамына Жекшенбек Алыбаев, Шакир Жангазиев, Рахатбек Пирматов жана Бактыбек Турдубеков кирет.

Бүгүн жергиликтүү басылмалардын биринде Жолдош Токторбаевдин чыныгы аты  Жолдошбек Бектурганов экендиги, ал 2010-жылдан бери “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясын жетектеп келгени тууралуу маалымат жарыяланды. Ага таянсак, «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын имшердүүлүгү буга чейин сынга алынып, бул маселени парламентте депутаттар талкуулаган. Анда эл өкүлү Гүлшат Асылбаева Жолдош Токторбаев эмне себептен фамилиясын өзгөрткөнүн сураганда ал атасынын керезин аткарганын айткан.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын оор абалын чечүү үчүн буга чейин акцияларынын 49 пайызы сатыкка чыгарылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM