Биз менен байланышыңыз

Орус тилин «расмий тил» макамынан ажыратуу сунушталды

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 1263 | 0

«Орус тилинин «расмий тил» макамын алып салуу керек. Өлкөгө бир гана мамлекеттик тил жетиштүү. Ал эми орус тилин эл аралык мамилелерде колдонууга болот».

Мындай демилгени Бишкекте өткөн «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аталышындагы курултайдын катышуучулары көтөрүштү.

Алардын айтымында, Баш мыйзамда орус тилине өзгөчө макам берүү туура эмес. Курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаровдун айтымында бул демилгени 47 коомдук уюм колдогон.

Эске салсак, Кыргызстанда эки тил мамлекеттик иштерде колдонулат. Кыргыз тил мамлекеттик макамында турса, орус тили расмий тил болуп саналат. Анын бул макамын алып салуу демилгеси буга чейин да байма-бай көтөрүлүп келген.

Copyright © 2017 Maral FM