Биз менен байланышыңыз

Балдарга карата жасалган зомбулуктун негизги себептери айтылды

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 1397 | 0

Балдарга карата жасалган зомбулуктун негизги себеби ата-эненин тарбия берүү жөндөмү жоктугунда жана коомчулуктун бул мамилеге кайдыгер болгондугунда. Мындай жыйынтыкты ЮНИСЕФ балдар уюму чыгарды.

Маалымат боюнча, балдардын өлүмү тууралуу фактылардан улам, 5 жаштан 14 жашка чейинки курактагы балдарга караганда, 4 жашка чейинки балдар көбүрөөк зомбулукка кабылары аныкталган.

Уюм Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып, 2018-жылы балдарга карата зомбулук көрсөтүлгөн 1473 факты катталганын билдирет. Былтыр бул көрсөткүч 500 учурга аз болгон.

“Балдарга зордук-зомдулук көрсөтүү фактыларын азайтуу үчүн эң биринчи кезекте ата-энени же аны караган тууганын окутуу керек. Кандай учур болсо да балага кол көтөрбөө керектигин үйрөтүү зарыл” – деп айтылат ЮНИСЕФтин маалыматында.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жылына 350 миңден 700 миңге жакын жаран жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетет. Мигранттардын кароосуз калган балдарынын саны өсүп, зордук-зомбулуктун курмандыгы болууда.

Copyright © 2017 Maral FM