Биз менен байланышыңыз

Өмүр бою эркинен ажыратуу өзүнчө оор кылмыштар үчүн берилет

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 895 | 0

Кылмыш кодексинин алкагында өмүр бою эркинен ажыратуу өзүнчө оор кылмыштар үчүн берилет. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өмүр бою эркинен ажыратуу жасасы өзгөчө оор кырдаалда адам өлтүрүү, жашы жете электерди зордуктоо, жаш балдарга карата зордук-зомбулук, терроризм жана башка оор кылмыштарга берилет. Бирок 18 жашка чыга электер, аялдар, 60 жаштагы жана андан улуу адамдарга берилбейт.

Кошумчалай кетсек, жаңы мыйзам боюнча эгер адам 5 жылга соттоло турган кылмыш кылса, бул майда кылмыштар кодексине кирет. Ага айып жана коомдук иштер санкциялары гана колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM