Биз менен байланышыңыз

Орусияда жол кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 378 | 0

Орусиянын Рязань облусунда жол кырсыгы катталып, эки кыргызстандык  жаран жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

14-январда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа кагышкан. Жүк ташуучу унааны кыргызстандык 22 жаштагы жаран башкарып бара жаткан. Анын баш мээси чайкалып, учурда жандандыруу бөлүмүндө оор абалда экени кабарланды. Ошондой эле жеңил унаанын жүргүнчүсү да жаракат алган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM