Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Тартип сактагандарга айып пулдун тиешеси жок

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2019 | 510 | 0

Айып пулдар жол эрежесин бузган айдоочуларга каралган, тартип сактагандарга анын тиешеси жок. Мыйзамдар жарандарды тиешелүү эрежелерди сактоого милдеттендирет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, юридикалык жактардын коомдогу орду жана өзүн алып жүрүү эрежеси башкача болгондуктан, аларга айып пул көбүрөөк салынган.

Калк жашаган аймакта коопсуздук курун тагынбаган жарандар үчүн айып пулдун өлчөмү миң сом болсо, чоң жолдордо бул сумма 3 миң сомду түзөт. Айыптар коомдук коопсуздукка алынып келген коркунучка жараша коюлган.

«Калк жашаган жерде айдоочу 60 км/саат ылдамдыктан ашпашы керек. Ал эми калк жашабаган жерде 90 км/саат менен жүрсө болот. Жол эрежесин бузгандардан мамлекетке 2017-жылы 363 млн сом, 2018-жылы 500 млн сом айып түштү», — дейт Саркулов.

Жаңы мыйзамдарга ылайык, мурда мас абалында унаа башкарган айдоочуга 10 миң сомго чейин айып пул салынып, соттун чечими менен айдоочулук укугунан ажыратылчу. Азыр 17 жарым миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Эреже бузган айдоочунун күбөлүгү тартылып алынбайт. Бирок айдоочулук укугунан ажыратуу маселеси каралат, учурда анын механизми иштелип жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM