Биз менен байланышыңыз

Касымалиева: Жакында эле ыйладым…

Көңүл ачуу , Марал шоу | 15 Янв 2019 | 865 | 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти, актриса Шайыр Касымалиева «Желе шоу» программасынын төрүнөн орун алып, кызыктуу маек курду.

Касымалиева ишенчээктигинин айынан жашоодо көп сынып, көп ыйлаганын айтат. Бирок актриса бул мүнөзүн жаман сапат деп эсептебейт.

«Анткени жаш бала сыяктуу жан дүйнөӊ жаман ниеттен, ойлордон алыс болот. Кийинки убактактарда ишенбегенге үндөгөн сыяктуу. Бул эми замандын талабына ылайык болуп жаткан көрүнүш. Ар бир адамда кубаныч да, кайгы да бирге жүрөт. Мен жашоого таарынганда, капаланганда ыйлайм. Кечээ жакында эле көзүмдөн төрт, беш тамчы жаш тамып барып, анан өзүмдү кармап, белимди бекем буудум. Мындай учурдан жеӊилдеп алам, кайрадан эч нерсе болбогондой күлүп жүрөм. Анан дагы, кыйналганда жан дүйнөмдү калем менен сүйлөтүп, ак баракка түшүргөн дагы жакшы нерсе«, — дейт Касымалиева.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM