Биз менен байланышыңыз

Алтынай Өмүрбекова коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 383 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу маселеси боюнча эл аралык жана коомдук уюм өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Бүгүнкү жолугушуу жалпыбыз үчүн маанилүү болуп саналат, анткени, биз биргеликте мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга байланыштуу абалды жакшыртууга багытталган ишин өркүндөтүүнү каалайбыз. Биз үчүн балдарды коргоо боюнча иште тажрыйба топтогон ар бириңиздердин үнүңүздөр жана оңдуу тажрыйбаңыздар маанилүү», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Документтеги негизги мааалымат катары – балдарга орой мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча жалпы улуттук маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясын өткөрүү болуп саналат. Мындан тышкары, жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды эрте аныктоо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдарга карата катаал мамиленин жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу иштерин уюштуруу каралган.

Кошумчалай кетсек, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү белгилешкендей, бул пландын долбоору кыйла конкреттүү жана максаттуу болуп саналат. Анткен менен министрликтердин жана ведомстволордун биргелешкен жана багыттуу иши зарыл натыйжага жетишүүнү өбөлгөлөйт, ошону менен бирге тиешелүү адистердин иши үчүн бардык шарттарды түзүү кажет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM