Биз менен байланышыңыз

Кыргыз өндүрүшүнүн каталогу түзүлөт

Экономика | 15 Янв 2019 | 1180 | 0

Бишкекте «100 мыкты өнүм» улуттук долбоорунун бет ачары болду.  Иш-чара “Замандаш” партиясынын “Келечек 4.0” программасынын алгачкы кадамы болуп саналат. Анын алкагында Кыргызстанда биринчи жолу ата мекендик өнүмдөрдүн эң мыктыларынын уникалдуу топтому түзүлөт. 

«100 мыкты өнүм» улуттук долбоорунун алкагында каталог түзүлөт. Ага Кыргызстанда өндүрүлгөн 100 мыкты өнүм тандалып, журналда алар тууралуу кенен баяндалат. Басылма кыргыз, орус, англис, араб жана кытай тилинде чыгарылат. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдакматов билдирди.

Анын айтымында, долбоор жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого жана экспортту көтөрүүгө багытталат. 16-январдан баштап өндүрүшчүлөрдүн арыздары кабыл алына баштайт.

-Үч айдын ичинде конкурсту өткөрсөк деп ойлоп жатабыз. «Жүз мыкты өнүм» долбоорунун алкагында католог чыгат. Ага конкусртан өткөн өлкөдөгү эң мыкты продукциялар киргизилет. Бул атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо менен өлкөнүн эспорттук потенциалын көтөрүүгө багытталган. Экинчиден журнал эл аралык аренада, ички базарда таркатылуучу жана жарнамалоочу материал катары колдонсо болот. Мисалы Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер өздөрүнүн чет элдик өнөктөштөрү, кесиптештери менен кезиккенде катологду берсе болот.

Мындай уникалдуу топтом Кыргызстанда биринчи чыгарылмакчы. Даярдалган журналдар жогорку окуу жайларга, аэропортторго, мейманканаларга, республиканын чет өлкөдөгү диаспораларына жана башка жайларга таркатылат.  Андын тышкары, президент, премьер-министр, депутаттарга жана облус, район жетекчилерине белек катары тапшыралат. Бул «Замандаш» партиясынын каржылоосу менен ишке ашыралмакчы.

Мыкты 100 өнүмдү аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Анын курамына өкмөт өкүлдөрү, ишкерлер жана эксперттер кирет. Комиссия өндүрүштү экспорттук потенциалына, рынокто ээлеген үлүшүнө, сапаты, көлөмү, саны жана кандай сертификаттарга ээ экенине карап баалайт.

“Ата мекендик өндүрүшчүлөр” ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев Кыргызстанда ата мекендик өндүрүштүн саны жүздөн ашаарын билдирди. Анын маалыматында, өлкөдө сары майдан баштап кийимге чейин 70дей тармак бар. Алардын мыктылары журналга батпай калабы деген чочулоолор болуп жатат.

-Өндүрүштө канчалык атаандаш болсо, ошончолук кардарларга жакшы болот. Мейли 100, 200, 300 болсун, алардын жүзүн тандаган оңой болот. Журналга мыктылары кирүүсүн каалайм. Жакшы эле ийгилик болот деп ойлойм. Кыргызстанда кийим тигүү тармагынын 95 пайызы сыртка экспорттолуп кетет. 12 миң тонна бал өндүрсөк анын 2 миң тоннасы өзүбүздө калат. 80 миң тонна төө буурчак өндүрсөк, анын 70 миң тоннасы сыртка чыгып кетет. Ар кайсы тармакта ийгилик көп. Өлкөдө болгону бүтүн бир картинанын жоктугу көйгөй. Ал көйгөйдү «100 мыкты өнүм» долбоору жокко чыгарат.

Иш-чаранын алкагында атамекендик өндүрүүчүлөрдүн товарларынын көргөзмөсү уюштурулган. Бир топ ишкер товарларын конокторго тартуулап, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

«Confetto»  шириндиктерди чыгарган ишканасы 100 мыкты өнүмгө кире турганына ишенет. Бул ишкана таттуулардын 10дон ашык түрүн чыгарат. Ички рынокко чыкканына  бир жарым жыл болгон. Анын жетекчиси Казис Дүйшө уулу сөз болуп жаткан долбоор кыргыз өндүрүүчүлөрүн таанытууга чоң салым кошот деген пикирде.

Азыр элдин баары эле Кыргызстандан жасалган товарлардын сапаты начар деп ойлойт. Бирок андай эмес. Ошол үчүн ушундай долбоорлорго катышып, чыгарып жаткан продукцияны таанытып, сапаты жакшы экенин көрсөткөнгө аракет кылып жатабыз. «Confetto»  маркасы менен таза органикалык шоколаддарды чыгарабыз.

Көргөзмөдө кызыктуу ар кандай өндүрүштөргө күбө болдук. Алардын бири уста Нурлан Аламановдун өз колу менен таштан жасалган ракавина, самын, тиш пастасын сала турган идиштери да коюлган.  Уста ишкерликти жаңы баштаса да коңшу Казакстандан буюртма алууга жетишкен.

-Азырынча раковина акссесуары менен гана жасап чыгарам. Таштан башка буюмдарды да жасоо үчүн идеялардын үстүндө изденүүдөмүн. Бул жумушту көптөн бери кыялданып жүргөнмүн. Бүгүнкү долбоор кыргыз өндүрүүчүлөрүн жарнамалоого алгачкы кадам болуп жатат.

Айта кетсек, каталог болжолдуу 5-10 миңге чейинки нускада чыгарылат. Эгерде суроо-талап көп болсо саны дагы көбөйтүлүшү ыктымал.

Copyright © 2017 Maral FM