Биз менен байланышыңыз

Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоонун» жетекчилигинен кетти

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 591 | 0

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин жетекчиси алмашты. Бул тууралуу уюмдун өкүлдөрү билдиришти. Уюмдун кезектеги жыйынында Мээрбек Мискенбаев өзү жетекчилик кызматын тапшырган. Анын ордуна Амантур Жамгырчиев шайланды.

“Бул Мээрбек Мискенбаевдин жеке чечими. Жетекчиликтин алмашышы биздин ишибизге тоскоолдук жаратпайт. Биз Апрель окуясынын баатырларын социалдык жактан камсыздоо боюнча иштерди уланта беребиз. Саясатка болсо калыс жана бейтарап карайбыз”,- деп билдирди бирикменин жаңы жетекчиси Амантур Жамгырчиев.

Ошондой эле «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин 17-январда болот деп айтылып жаткан митинге эч кандай тиешеси жок экендигин кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылдын Апрель окуясынан кийин түзүлгөн жана аны акыркы 4 жылдан бери Мээрбек Мискенбаев жетектеп келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM