Биз менен байланышыңыз

Президент Дача-СУда жакындарын жоготкон балдарды кабыл алды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 817 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Дача-Су айылында «Боинг-747» учагынын кыйрашынын кесепетинен өз жакындарынан айрылган балдар менен жолугушту. Мамлекет башчы аларга көңүл айтып, бул күн эң кайгылуу күн катары кыргызстандыктардын эсинде калганын белгиледи.

«Биз мекендештерибизден, күнөөсүз балдарыбыздан ажырап калдык. Кыргызстан элинин атынан жана өз атымдан дагы бир жолу силерге көңүл айтам. Өз жакындарын жоготкон балдарыбыз аман-эсенчиликте узак жана бактылуу өмүр сүрүшсүн», — деди Жээнбеков.

Балдар менен жолугушууга чогуу келишкен курман болгондордун жакындары зарыл жардамды жана колдоону өз убагында алып жаткандыгын белгилешти. Мамлекет башчы балдарга Чынгыз Айтматовдун китептерин белекке берди.

2017-жылы Чүй облусунун  Дача-Су айылында «Боинг-747» учагы кыйрап, жакындарын жоготкон балдар — Шералиев Жакшылык, Абакиров Султан, Райымкулова Элайым, Нурлан уулу Мирлан, Шаршенбеков Эрлан жана Карыпбаева Сайкал.

Эске салсак, 2017-жылы 16-январда «Боинг-747» жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Анда жергиликтүү 39 жаран каза болуп, бир топ турак жай кыйраган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM