Биз менен байланышыңыз

Жапаров Кыргызстанга жогорку ылдамдыктагы поезддерди алып келүүнү сунуштады

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 438 | 0

“Коңшуларда испандык жогорку ылдамдыктагы поезддер жүрүп жатат, бир гана Кыргызстанда андай поезддер жок”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров парламенттин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан туризмди өнүктүрүү үчүн жогорку ылдамдыктагы поезддерди курушту. Кыргызстан болсо бир метр да темир жол кура алган жок. Ошондой эле эл өкүлү коңшу өлкөлөр менен келишим түзүп, ал поезддерди Кыргызстанга да алып келиш керектигин сунуштады.

Жапаров жогорку ылдамдыктагы поезддерди жок дегенде Балыкчыга чейин бара тургандай коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүп, туристерди өлкөгө тартыш керек экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM