Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети элчиликтерге сунушталган талапкерлерди жактырды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 714 | 0

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо жана копсуздук боюнча комитети Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин, Орусияга Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлигин,  Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын талапкерлигин жактырды.

Ошондой эле Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын талапкерлиги жактырылды.

Бул талапкерлерди Тышкы иштер министрлиги сунуштаган. Эми элчиликтерге көрсөтүлгөн талапкерлерди кароо маселеси парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM