Биз менен байланышыңыз

«Жунда» заводунда иштеген кытайлардын саны текшерилди

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 1094 | 0

Жарандык активисттер менен журналисттер Кара-Балтадагы Жунда заводунун иши менен таанышты.

Жунда компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Алтынбек Садырбаевдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө компанияда миңге жакын жумушчу иштейт. Анын 670и жергиликтүү жашоочу болсо, калган 303ү Кытай Эл Республикасынын жарандары.

Компанияда иштеген кытай жарандары жашаган үйлөр дагы текшерүүгө алынды.

Эскерте кетсек, 7-январда борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргызстандагы кытайларга каршы митинг болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM