Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Транспорт министри кызматына талапкер сунуштады

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 608 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абалгазиев Транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жанат Бейшенов 2005-2007-жылдары Транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп иштеген.

Эске салсак, 2018-жылдын 5-декабрында 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев кармалган. Буга байланыштуу министр Жамшитбек Калиловду кызмттан четтетип туруу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө сунуш киргизип, министрдин өзүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында уяткарган.

15-декабрда Калилов кызматынан кетүү боюнча арыз жазып, президент аны иштен алган.

Ал эми Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп Жеңиш Ногойбаев дайындалган эле.

Copyright © 2017 Maral FM