Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жыйынга катышпаган өкмөт мүчөлөрүн тартипке чакырды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 449 | 0

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин кароосуна депутат Азамат Арапбаев тарабынан демилгеленген “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору коюлган.

Бирок бул маселе боюнча экономика министри менен Салык кызматынын төрагасы комитет жыйынына келбегендиги депутаттардын нааразылыгын жаратты.

Эл өкүлү Акылбек Жапаров комитет жыйынына өкмөт мүчөлөрүнүн келбей коюусу адатка айланып бара жаткандыктан алардын жоопкерчилигин кароо, мыйзам долбоорлорун жыйындын күн тартибинен алып салуу зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM