Connect with us

Түкүрүк үчүн айып 5,5 миң сомдон миң сомго чейин азайтылат

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 849 | 0

Түкүрүк үчүн айып 5,5 миң сомдон 1 миң сомго чейин азайтылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул маселе учурда кароо стадиясында турат.

«Түкүрүү таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү» беренесине кирип калган. Бул берене үчүн айып пул 5,5 миң сомду түзөт. Биз бул сумма таштандыны өрттөгөнгө толугу менен туура келет деп эсептейбиз. Бирок кодексте коомдук жайда чылым чеккендер үчүн да айып бар. Учурда түкүрүк үчүн айыпты чылым чегүү беренеси менен теңөөнү ойлонуп жатабыз – ал 1 миң сом«, — деди Разаков.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

Коомчулукта жол эрежелерине байланыштуу каралган айып пулдардын суммасы нааразылык жаратып жатат. Алсак, мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынууда. Ички иштер министрлиги буга чейин 3 күн ичинде 17 мас айдоочу кармалып алардан 262 миң 500 сом айып пул өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Мындан тышкары, туура эмес жерге түкүргөндөргө 5500 сом айып салынганы да талкуу жаратып жатат.

Түкүргөндөрдү ким тескейт?

Copyright © 2017 Maral FM