Биз менен байланышыңыз

«Соттук-экспертиза борборун өкмөттүн карамагына өткөрүү туура эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Янв 2019 | 460 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалык медициналык борборду өкмөттүн карамагына өткөрүү туура эмес. Бул тууралуу «Юристер адам укугу үчүн» бирикмесинин жетекчиси Асель Койлубаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүк кызмат түзүлүп жатканда эле концепция туура эмес түзүлгөн. Анкени алгач стратегиялык жактан мыйзамдар жазылып, өкмөттүн алдындагы экспертизалык борбор кандай прициптер менен иштеши каралышы зарыл болчу.

Мыйзамдар жазылса ар бир соттук-эксперттик кызматтар бир принциптин алкагында өз ара иштеше бермек. Анткени соттук-экспертизанын корутундулары соттук акыйкат үчүн жардам берет. Бүгүнкү күндө эксперттик кызматтарда өз ара көйгөй көп. Аны чечүү зарыл. Бул боюнча өкмөткө дагы айтып келе жатабыз. Бирок кулак кагыш кылбай өз алдынча иш алып барышууда. Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалык медициналык борбор менен кошо психиатриялык жана наркология борборун өкмөттүн алдындагы эксперттик борборго кошкону жатышат. Бул туура эмес, — дейт Койлубаева.

Ал буга кошумча эл аралык уюмдар да Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы соттук-экспертизалык медициналык борборду өкмөттүн карамагына өткөрүү туура эмес экенин белгилегенин айтты.

“Мыйзам чегинде көз карандысыз соттук-эксперттик кызматкерлерге көптөгөн четкөөлөр коюлган. Жеке менчик соттук-эксперттик кызматкерлердин өз алдынча ишкана түзүүсүнө тоскоолдуктар бар. Мунун менен бизде өкмөттө монополизация болуп жатат. Мындай убакты эч качан уадам укугу толугу менен корголбойт”, — дейт Койлубаева.

Ал мындай кадам менен өкмөт көз карандысыз сот-экспертизалык борборлорду жок кылууга камынып жатканын белгиледи.

«Кыргызстан СССРдин курамында турганда сот, прокурор, милиция кызматкерлери адамдарды айыптоо саясаты жүрүп келген. Ошондуктан милиция кызматкерлери жана соттук-эксперттик кызматтарды – мамлекеттек орган, ал адамды айыптоого жардам бериши керек деген саясат менен келе жатат«, -дейт Койлубаева

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM