Биз менен байланышыңыз

Экс-мэр Албек Ибраимовдун иши карала баштады

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 399 | 0

Бүгүн, 15-январда Бишкектин Октябрь райондук сотунда калаанын мурунку мэри Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум башталды. Отурумга Ибраимов да алып келинген.

Анын жактоочусу Сергей Слесарев кабарлагандай, ишке судья Кымбат Архарова төрагалык кылууда.

Улуттук коопсуздук бобнча мамлекеттик комитети билдиргендей, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, Бишкек шаардык капиталдык курулуштун жетекчиси С.О. жана курулушка катышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш . жана С.А.  Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси боюнча айыпталууда.

Экс-мэрлердин жетекчилиги астында мектептин курулуш иштеринде бир канча коррупциялык иштерге жол берилген. Мектептин курулушунда тендер өткөрүлгөн эмес жана бөлүнгөн акча мыйзам бузуу менен которулган. Андан сырткары курулуштун долбоорунда дагы бир канча мыйзам бузуулар кетирилген.

660 окуучуга ылайыкташтырылган мектеп үчүн 2 млн. доллар сарпталган. Курулушка ТВЕА компаниясы тарабынан гранттык түрдө жана шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражат 114 млн сомду түзгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 95 млн сом зыян келтирилгени аныкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM