Биз менен байланышыңыз

Нурсултан Азыкбаев: Өмүрү аз ырларды чыгаргым келбейт

Эл артистти Курмангазы Азыкбаевдин уулу Нурсултан Азыкбаев «Маралдын» «Желе шоу» программасында конокто болду. Ал үйлөмө аспаптарды окуп бүтүргөнүнө карабастан, ырчылык өнөрдү да улантып келе жаткан жаш ырчы.

Ал бизге берген маегинде ырларың аз дегендер болсо да, кыргыз, орус тилдериндеги ырлары көп экендигин айтты. Ошондой эле обон да чыгарарын, аларды ырчы досторуна берип, кээде сатарын кошумчалайт.

«Анткени бул биздин жумуш. Ал эми ырларды көп чыгарбаганымдын себеби, өмүрү аз ырларды чыгаргым келбейт. Тескерисинче элге сиӊген, адамдардын жүрөгүнөн орун ала турган ырларды тартуулагым келет«, дейт Нурсултан Азыкбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM