Биз менен байланышыңыз

Элге Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандар тууралуу маалымат берүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2019 | 627 | 0

Коопсуздук боюнча эксперт, генерал-майор Марат Иманкулов “Марал” радиосуна берген маегинде көз карандасыз эксперттерден, жарандык коомдон турган мамлекеттик комиссия түзүп, өлкөдөгү тоо-кен тармагынды иштегендердин лицензиясын, алардын санын тактап, элге маалымат берүү зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, бийлик бир гана кытайлык жарандар тууралуу эмес, башка чет өлкөлүк жарандар тууралуу дагы так маалымат берилгенде коомчулукта түрдүү түшүнбөстүктөр болмок эмес.

«Мамлекеттик органдардагы шалаакылыктар дагы кыргыздардын кытайларга каршы митингге чыгуусуна себеп болууда. Визалар акчага сатылган, ошолорду иретке келтирүү зарыл. Атамбаевдин жана Бакиевдин убагында тоо-кен тармагын иштетүү боюнча бир топ лицензия берилген. Алардын айрымдары миллиондогон долларларга сатылып кеткен. Ал эми лицензияны башында 300 сомго сатып алышкан. Бул жерде чиновниктердин чоң залакалары бар», — дейт Иманкулов.

Айта кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргызстандын визасын 21 миң 17 кытай жараны алган. Анын 14 миңден ашууну электрондук виза болгон.

Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча убактылуу жашаганга уруксатты 11 миң 966 кытай жараны алып, алардын ичинен 9 миң 498и кытай жараны КРнын аймагында убактылуу иштегенге уруксат алган.

2010-2018-жылдар аралыгында баары болуп Кыргызстандын 60 жараны Кытай жарандары менен расмий үй-бүлө курушкан. Бул аралыкта жалпы 268 Кытай жараны КРнын жарандыган алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM