Биз менен байланышыңыз

Орусияда кыргызстандык жаран жол кырсыгынан жабыркады

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 422 | 0

Орусиядагы автобус кабылган жол кырсыгында кыргызстандык жаран жабыркаганы кабарланды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашкандай, кырсык 11-январь күнү Владивостокто катталып, 16 адам жабыркаган.

Алардын арасында эки бала бар экендиги жана ооруканада 6 киши дарыланып жаткандыгы кабарланды.

Жергиликтүү милициянын маалыматы боюнча, “Тойота” үлгүгүсүндөгү жеңил унаанын 23 жаштагы айдоочусу тоннелден чыгып жаткан учурда рулду башкара албай, автобусту сүзгөн. Ага тийиштүү чара көрүлдү.

Жабыр тарткан кыргызстандык Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тургуну экендиги аныкталып, ал учурда ооруканада экендиги маалымдалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM