Биз менен байланышыңыз

Парламент комитети элчиликтерге сунушталган талапкерлерди карайт

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 601 | 0

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын АКШдагы элчилигине Болот Отунбаевдин, Орусияга Аликбек Жекшенкуловдун талапкерлигин,  Кытайдагы элчилигине Канайым Бактыгулованын талапкерлигин, Түштүк Кореяга азыркы тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованын талапкерлигин көрсөттү. Бул талапкерлерди Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргоо копсуздук боюнча комитети 15-январдагы отурумунда карайт. Бул тууралуу парламент депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди.

Анын айтымында, бул мамлекеттерге татыктуу талапкерлер сунушталды. Алсак, Кыргызстандын Кытайдагы элчилигине көрсөтүлүп жаткан Канайым Бактыгулова кыргыз-кытай мамилесин жакшы түшүнөт. Ал буга чейин да элчи болуп иштеген.

Ошондой эле Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигине талапкерлиги сунушталып жаткан Динара Кемелова да эл өкүлүнүн пикиринде татыктуу талапкер.

Айта кетсек, Канайым Бактыгулова 2013-2017-жылдары Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчи болуп иштеген. Ал 2018-жылдын 4-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен   кызматтан алынган.

Ал эми Орусияга элчиликке талапкерлиги сунушталып жаткан Аликбек Жекшенкулов 2005-2007-жылдары Кыргызстандын Тышкы иштер министри болгон.

АКШдагы элчиликке сунушталып жаткан Болот Отунбаев 2016-жылдан бери өлкөнүн Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп келе жатат.

Түштүк Кореядагы элчиликке сунушталып жаткан Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM