Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан быйыл тышкы карызга 14 млрд 666 млн сом төлөшү зарыл

Кыска кабар | 13 Янв 2019 | 674 | 0

Финансы министрлиги 2017-2021-жылдарга карата мамлекеттик карыздарды тейлөө боюнча маалымат жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан быйыл тышкы карызга 14 млрд 666 млн сом төлөшү керек. Ал эми 2020-жылы 16 млрд 460 млн сом төлөшү зарыл.

Негизинен Кыргызстандын 20дан ашык жана эл аралык уюм алдында бересеси бар. Алардын ичинен эң ири каражатты Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана башка уюмдар берген.

Мамлекеттик тышкы карыздын 98% жеңилдетилген пайыздык чен менен 40 жылдык мөөнөткө берилген. Тагыраагы пайыздык чендер 0,75 — 2%га чейин каралган.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 31-январына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 624,81 миллион долларга жеткен же 316 миллиард 290,85 миллион сом болгон.

Алардын ичинен тышкы карыз 4 миллиард 139,28 миллион долларга (283 миллиард 85 миллион сом)жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM