Биз менен байланышыңыз

Бекбосун кызы: «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамын Акаевдин арты менен алгам

Көңүл ачуу , Марал шоу | 11 Янв 2019 | 998 | 0

КРнын эмгек сиңирген артисти Гулназ Бекбосун кызы “Желе шоу” программасынын кезектеги коногу болду. Программанын жүрүшүндө наам алгандан дагы, анын чоң жоопкерчилиги бар экендигин баса белгилеп өттү.

-Өзүм Ысык-Көлдүн кызы болгонум менен Нарынга турмушка чыктым, ал жакта иштеп жүргөнүмдө, ошол кездеги президент Аскар Акаев иш сапары менен келгенде “Нарындан жазган салам кат” ырын ырдагам, андан кийин экинчи жолку келишинде дагы ошол эле ырды ырдадым. Үчүнчү жолу келгенинде: “Сиз өткөндө дагы ушул ырды ырдап жаттыңыз эле, абдан жакты, сизге наам берем. Документериңизди топтой бериниз”, — деп айтып калды.

Ошондо Бекбосун кызын баары куттуктап калганын, ага маани бербей эле документтерди чогултуп тапшырып койгон экен. Ошентип президенттин айтканы менен 28 жашында эмгек сиңирген артисти аталган.

-Ачыгын айтыш керек, азыр сиздерде да суроо пайда болот болуш керек: “Эрте эмеспи? Татыктуу эмес!” -деген сөздөр болду беле?- деп. Ооба, албетте болгон, келип бетиме айткан эмес, бирок көп уккам. Мен бул нерсеге мындай жооп берет элем: “Бул – буйрук. Ооба, эрте алдым. Мен сүйүнөм, бирок ошого чейин элиме кызмат кылып келгем, мына азыр да олуттуу, салмактуу ырларды элиме тартуулап келе жатам. Наам кичинекей кагаз болгону менен адамдын иштешине, жада калса, ыр жаздырууда да чоң жоопкерчиликти талап кылат.”-дейт Гулназ Бекбосун кызы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM