Биз менен байланышыңыз

2018-жылы 4 фитосанитардык лаборатория курулду

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 595 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Кол коюлган жарлыкта 2018-жылы региондорду өнүктүрүү өлкөнү орто мөөнөттөгү келечекте өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыгы болуп аныкталган. Бир жыл ичинде кандай жумуштар аткарылгандыгы да тизмектелген.

Анда өткөн жылы айыл чарба продукциясын иштетүү боюнча өлкөнүн региондорунда 200дөн ашык жаңы ишкана түзүлгөнү айтылат. Ошондой эле 2019-жылы киреше салыгын кайра бөлүштүрүүнүн коэффициентин 50/50 өлчөмүнөн 70/30 өлчөмүнө чейин өзгөртүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,1 млрд. сом алат турган болду. Мындан тышкары, региондордогу өнөр жай ишканаларын колдоо үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2,0 млрд. сом салынган.

2025-жылга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына башкы пландарды иштеп чыгуу үчүн жыл сайын республикалык бюджеттен 50,0 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты бөлүп туруу чечилди, — деп айтылат маалыматта.

634 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди, 1901 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылуу жана 1600 гектар жердин мелиоративдик абалы жакшыртылган.

Жарлыкта айтылган маалыматка ылайык, аймактарды өнүктүрүү жылында 4 жаңы фитосанитардык лаборатория курулду жана 18 ветеринардык лаборатория оңдолуп, калыбына келтирилди жана жабдылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM