Биз менен байланышыңыз

Президент ШКУ саммитин өткөрүү боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 640 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу боюнча жыйын өткөрдү.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин, айыл чарба министрликтердин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары өттү.

Эми Коопсуздук кеңештин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин, ШКУ медиа-саммити, көркөм көргөзмөсү, Эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму сыяктуу иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

Башкы иш-чараны 14-15-июнь күндөрү өткөрүү пландалып жатат.

Президент 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралар Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

==

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM