Биз менен байланышыңыз

Кожоналиев: Жасалма «ооганчыларды» аскер прокуратурасы текшериш керек

Күн чабыт | 11 Янв 2019 | 781 | 0

Ооган согушунун ардагерлерине  жүздөгөн жалган «ооганчы» кошулуп, сегиз жылдан бери 129 миллион  156 миң сом пенсияны мыйзамсыз алып жүрүшкөн. Бул тууралуу Мекемелер аралык комиссиянын мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланган тараптарды текшерүү ишинин жыйынтыгында маалым болду. Маалыматка ылайык, 2017-жылы  жалган афганчылардын саны 159 болсо, 2018-жылы 229га жеткен. Башкача айтканда бир жылда 70 кишиге көбөйгөн.

Комиссия ардагерлердин аскердик билеттери менен архивдерди текшергенде Башкы штабдын, УКМКнын, Чек ара кызматынын, ИИМ, ӨКМ, ЖАМК жана Салык кызматынын учурдагы жана мурунку офицерлери жалган афганчы болуп чыгышкан. Жалпысынан 136 кишинин маалыматы архивде жок болуп, алар эч кандай согуштук иш чараларга катышпаганы аныкталган. Ушул теманын алкагында мурдагы Аскер прокурору, генерал-майор Кубатбек Кожоналиев менен маектештик.

Ооганстанга бардым деп жеңилдиктерди алып жүргөн жалган аскерлердин саны 200дөн ашты. Ал эми бюджетке алып келген зыяны 130 млн сомду чапчыйт. Сиздин оюңузча булар кокустуктан алып калганбы же атайын болгон ишпи?

-Менин оюмча, бул маалымат такталган эмес. Анткени бул маалыматты аскер прокуратурасы текшериш керек. Андан соң гана так тыянак чыгаруу абзел. Анткени бул жерде дагы бир топ нерсе бар. Мисалы, Подольскийдеги архивдерди, Ташкенттеги архивдерди карап, керек учурларда далил-күбөлөрдөн суралыш керек. Булар алдын ала маалыматтар гана боло алат. Анткени комиссия бул тергөө органы эмес. Бул жагдайды текшерүү үчүн алардын укуктары жетишпейт. Ошондуктан бул маселе укук коргоо органдары тарабынан иликтенип, баа берилиши зарыл. Аягына чейин такталса бул суммалар да өзгөрүшү мүмкүн. Бирок белгилеп кетүүчү жагдай, союз тарагандан кийин башаламандык болгон. Ошол учурда бирдиктүү болгон куралдуу күчтөр, өзүнчө эгемендүү өлкөлөр болуп бөлүнүп кеткенде, байланыштар үзүлүп, башаламандык орун алган. Ошол учурдан пайдаланып кеткендер да болбой койгон эмес.

Бул көрүнүш күч түзүмдөрүндө коррупция тамырлашып кеткенинен кабар береби?

-Бул союз тараган учурга туура келген. Коррупция деп башка фактыларга токтолсок болот. Маселен, курал уурдалгандыгын, мамлекеттик мүлктүн уурдалышын айтсак болот. Ошондой эле, Улуттук гвардиянын жогору жагына салынган үйлөрдү, Мамлекеттик коргоо комитетинин “Семетей” мейманканасын алабыз дегендерди айтса болот.

Бул тизмеде күч түзүмдөрүнүн жетекчилигинде жүргөндөрдүн да ысымы айтылып жатат. Айрымдар кетсе, айрымдар азыр да иштеп жаткан экен. Алардын укуктук, моралдык жоопкерчилиги кандай болушу керек?

-Албетте, укуктук чечим кабыл алынгандан кийин булардын моралдык да жоопкерчилиги болуш керек. Мурда бизде офицерлердин ар намысынын соту бар эле. Ошол институт кийин жакшы иштебей калды. Ушундай маселелер офицердик соттордо каралса жакшы болмок. Бир гана жалган наам алып жүргөндөр эмес, ага тиешелүү кол койгон, чечим чыгаргандар да жооптуу болуш керек. Алар да жоопкерчиликтүү. Мен аскер кызматкери катары бир нерсени айткым келет. Арасында чоң офицерлердин, генералдардын ысмы да аталып жүрөт. Бирок ошолорду аныктоодо этияттык менен изилдешсе.

Жогоруда белгиленгендей бул жалган «ооганчылар» көп жылдан бери жеңилдиктерди алып жүргөнү айтылууда. Эми ошол бюджетке келтирилген чыгым кайрадан кайтарыларына сиз ишенесизби?

— Толугу менен кайтарылат деп айта албайм. Бирок аракет жасоо керек. Маселен, мен билгенден айрым офицерлер пенсияга чыгарда тоолуу аймак деп кошумча жеңилдик алып, кайра кайтарып беришкен. Анткени офицердин дээринде мындай кадамдар туура эмес. Чыныгы аскер үчүн бул уят нерсе.

Copyright © 2017 Maral FM