Биз менен байланышыңыз

Жээнбековдун штабынын чыгымы делген маалымат текшерилип бүттү

Кыска кабар | 11 Янв 2019 | 710 | 0

Юрист Нурбек Токтакуновдун социалдык желеге жарыялаган КСДП партиясынын президенттик шайлоодогу көрсөтүлгөн суммадан тышкары короткон акчасы тууралуу маалыматтар тергөөгө чейинки текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун борбордук шайлоо штабынын жетекчилери суралышкан. Ошондой эле аталган талапкердин шаардык, облустук жана райондук штабдарынын башчылары жана кызматкерлери да суракка тартылган. Эми каржы иштери боюнча жооптуу болгон Надира Сатыгул кызы эмгек өргүүсүнөн кайтса, ИИМдин Тергөө кызматына чакырылып, түшүндүрмө берери күтүлүүдө. Ошондон кийин гана акыркы чечим чыгарылат.

Ал арада КСДПнын каржы иштери боюнча жооптуу Надира Сатыгул кызы учурда Индияда жүргөнү маалым. Ал жакка мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен чыгып кеткенин партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Маралга» билдирди.

Эске салсак, 15-ноябрда мурунку өкмөт башчы, абактагы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов президенттик шайлоо учурунда Жээнбековдун штабы короткон миллиондогон сом жана долларлар тууралуу маалыматты социалдык желеге жарыялаган болчу. Анда көрсөтүлгөн сумма БШКга берилген суммадан алда канча эсе көп болгон. Президенттин аппараты ал маалыматты төгүндөп, жасалма каралоо катары баалоодо.

Copyright © 2017 Maral FM