Биз менен байланышыңыз

Айбаты күч айып пулдун өлчөмү кайра каралат

Коом | 10 Янв 2019 | 1899 | 0

Коомчулукта кызуу талкууга алынып, бир топ нааразычылыктарды жараткан айып пулдардын өлчөмүн карап чыгыш керектигин президент Сооронбай Жээнбеков Сокулукта болгон эл менен жолугушуусунда билдирген. Ага чейин ушундай эле пикирин өкмөт башчы да айтып чыккан эле. 

Жыл жаңыргандан бери эле коомчулукта эң көп талкууланып жаткан тема айып пулдардын эселеп өсүшү болду. Айып пулду көбөйтөрдөн мурда, шарт түзүп элди даярдаш керек эле деген эл социалдык тармакта байма-бай пикирин билдирүүдө. Мындан улам жаңы кабыл алынган мыйзамдар, жаңы тартиптер чоң саясий чыңалууну жаратышы ыктымал деп болжогондор да болбой койгон жок. Ал арада өкмөт башчы айып пулдун өлчөмүн караш керек деген оюн айтып чыкса, Сокулук районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Сооронбай Жээнебеков парламент жана өкмөт айып пулдун өлчөмүн карайт деп билдирген. Ал эми эл эмне дейт?

Кайра карап чыкса болмок. Эл кыйналып калат го.

-Жакшы айтыптыр. Антпесе, айлык акыга туура келбейт.

-Азыркы абал боюнча калса жакшы болмок. Тартип сакталмак.

Юристтердин айтымында, кабыл алынган мыйзамды кайра өзгөртүп же карап чыгуу туура эле көрүнүш. Анткени ал коомдун шартына жараша милдетин аткарыш керек. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев президенттин бул айтканын кубаттайт. Бирок кайра кароодо да коомдун пикирин угуу керектигин баса белгилейт.

Мыйзам деген бул догма эмес. Аны шартка жараша өзгөртүп турса болот. Бирок бул жерде негизги маселе эмне үчүн элдин, айта турган кишилердин ою эске алынган эмес. Экинчиден, ушундай чоң өзгөртүүлөрдү киргизерден мурда элди даярдаш керек болчу. Эми эгерде элдин нааразычылыгын туура түшүнүп кабыл алса, мен кубаттайт элем.

Деген менен, чечимди кайра өзгөртүүгө кажет жок экенин укук коргоочу Рита Карасартова белгилейт. Элдин пикири маанилүү, бирок улам “элдин пикири” деп корккон бийлик өзгөртүүгө адат кылып калат дейт. Ошондуктан, жаңыдан киргизиле турган өзгөртүүлөрдү топтоп, талкуулап, үтүр-чекит үчүн да өзгөртүү киргизбей, эки жылга мараторий киргизүү керектигин сунуштап, оюн төмөндөгүчө толуктады.

Биздин саясатыбыз элге жакшы көрүнүш үчүн эле аракет кылып калат. Социалдык тармакта талкууланып жатат деп улам өзгөртүү киргизе бере турган болуп калат. Ооба, коомдук пикирди угуу маанилүү. Бирок тартип дагы болуш керек. Кабыл алынган мыйзам туура эле. Эгер айып пул төлөгүсү келбесе, анда ал адамдар тартипти бузбасын. Эгерде бара-бара тартип сакталса мен мыйзам бузбаган мамлекетте жашап калабыз го деген үмүтүм чоң. Андан көрө ошол айып пулдарды чогултуп, камера койсун, шарттарды түзсүн.

Ал эми Жогорку Кеңеш жумуш башталгандан кийин бул маселени карай тургандыгын төраганын орун басары Мирлан Бакиров “Марал” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бул өзгөртүүлөрдүн үстүндө экс-президенттин учурунда атайын жумушчу топ иштеп чыгып талкууга коюлган.

Учурунда бул мыйзам долбоору мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн жумушчу орган тарабынан изилденип, иштелип чыккан мыйзамдарына ылайык сунушталган. Депутаттар аркылуу Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Бул жерде башка мамлекеттердин да тажрыйбасы эске алынган. Азыр эми депутаттар шайлоочулары менен жолугушуп жатат. Албетте, ал жакта да ушул маселелер көтөрүлүүдө. Бул маселе жумуш башталганда сөзсүз каралат деген үмүттөмүн.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирген. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

 

 

Copyright © 2017 Maral FM