Биз менен байланышыңыз

Токтакунова: ЖАМК Текебаевдин арыз жазуусун талап кылууда

Кыска кабар | 10 Янв 2019 | 632 | 0

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевден ырайым суроо боюнча президентке арыз жазууну талап кылып жатат. Бул тууралуу  саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын бөлүм башчысы менен кызматкерлери Текебаевге келип, аларга депутаттардын кайрылуусун президенттик аппарат жибергенин айткан. Ошону менен бирге ырайым суроо укугу бар экенин билдиришкен.  Өмүрбек Текебаев кайрылуу жасаган депутаттар жана Роза Отунбаевага ыраазы экенин белгилеп, бирок президенттен өзү ырайым сурабай турганын айткан.

-Алардын маалыматына караганда, президент ырайым берүү маселесин карап чыгышы үчүн ЖАМК документтерди чогултушу керек экен. Кандай документтер керек экенин сураганымда, алар иш жүзүндө айыпталуучу ырайым сурап өзү кайрылыш керектигин, ошондо гана президенттик аппаратка жөнөтө алышарын айтып жатышат. Муну менен ЖАМК мыйзамга карабай, буга чейин калыптанып калган ишине таянып жатышат. Мыйзам боюнча депутаттардын кайрылууга укугу бар жана алардын кайрылуусу каралышы кажет.

Ошондой эле айыпталган жаран ырайым сурап жеке өзү кайрылышы керектигин айткандар президентти атайын чаташтырууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.

Ал эми ЖАМКтын басма-сөз катчысы Элеонора СабатаровТекебаевдин адвокатынын айткандарын жокко чыгарып, тиешелүү жетекчилер жаңы мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Эске салсак, 2018-жылдын 25-декабрында экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

5-январда президенттин басма сөз кызматы Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү өтүнүч азыр президенттик аппаратта каралып жатканын билдирген. Сооронбай Жээнбеков Текебаев өзү арыз жазса, ырайым берүүгө даяр экенин айткан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM