Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Текебаев 8-январда абакка которулат

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 928 | 0

“Ата Мекен” партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев 8-январда ооруканадан абакка которулушу мүмкүн. Бул тууралуу Текебаевдин жактоочусу Искен Афиджанов “Марал” радиосуна билдирди.

Бизде Өмүрбек Текебаев эртең же бүрсүгүнү абакка кайра которулат деген маалымат бар. Бирок бул тактала элек маалымат. Текебаев буга даяр. Бирок дарыгерлер ага туруктуу көзөмөл керек экендигин айтып жатышат. Ал учурда өзүн жакшы сезип жатат. Буга чейин айткандай эле аны бошотуу боюнча ырайым суроодон баш тартып келет” – деди жактоочу.

Искен Афиджановдун айтымында, 2019-жылдын 20-мартында Өмүрбек Текебаевдин жатак абакка которулуусуна уруксат берилген. Бирок экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары тарабынан бул туура эмес эсептелип калганы, ал 2020-жылы гана которулушу керек экендиги тууралуу сөздөр жүрүп жатат.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы бул боюнча расмий билдирүү бере элек. Алар менен байланышуу да мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 13-декабрында Текебаевге стенокардия, аритмия, гипертония ооруларынын диагнозу коюлуп, абактан Улуттук кардиология борборуна которулган.

2017-жылы жазда Текебаевге «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү үчүн орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM