Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Түрмөгө баңгизатын алып кирген депутат кармалды

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 2068 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад шаарындагы абакка баңгизатын алып кирген жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

2018-жылдын декабрь айынын соңунда Ноокен районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты, 1976-жылы туулган Ө.А, №10 Жаза өтүү мекемесинде жазасын өтөп жаткан тууганын көрүү үчүн барган. Аны нөөмөттөгү кызматкерлер текшерүү учурунда кийиминен  кургатылган гашиш баңгизаты табылган.

Бул факты боюнча (мурдагы мыйзамга ылайык) Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголду.

Ошондой эле колго түшкөн жаран 48 саатка Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасын эки айга камакка алуу өтүнүчү келтирилип, Жалал-Абад шаардык соту Тергөө кызматынын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырып, айыпкер депутат үй камагына алынган.

Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM