Connect with us

АКШ Сириядан чыгуу үчүн Түркияга шарт койду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 770 | 0

Америка Сириядагы аскерлерин чыгаруу үчүн Түркияга бир катар шарттарды койду: Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдүн коопсуздугуна кепилдик берүү жана ИШИМ террордук тобунун калдыктарын толук жок кылуу.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон кечээги Израилге болгон сапарында да Сириядан дароо чыгып кетпесин белгиледи. Ал аталган шарттарын бүгүн Анкарага болгон сапарында да ачыктары күтүлүүдө.

Декабрдын орто чененинде президент Дональд Трамп аскерлерин Сириядан чыгарарын, жада калса алар чыгып баштаганын билдирген болчу. Эми ага карабай артка кадам таштаганына түрк бийлигинин күрддөргө каршы дароо соккуга өткөнү себеп болгону маалым болду.

Американын колдоосундагы Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдү террорист деп атаган түрк бийлиги буга чейин АКШ менен каршылашып калуудан сактанып келген болчу. Бирок өткөн аптада сириялык оппозициялык күчтөр түрк тараптын колдоосу менен күрддөрдүн карамагындагы Манбиж шаарына кирерин жарыялашкан.

Эске салсак, АКШ өз аскерлерин Сирияга 2015-жылы күрддөргө ИШИМге каршы аскердик даярдык көрсөтүү максатында кирген. Алардын саны улам көбөйүп олтуруп учурда 2500гө жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM