Биз менен байланышыңыз

Кыргыз футболчулары бүгүн Кытай курамасы менен беттешет

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 878 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы бүгүн Азия биринчилигинин алкагындагы биринчи беттешин өткөрөт. Алар биринчилерден болуп Кытайдын футболчулары менен ойношот.

Беттеш жеңил болбосун кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин белгиледи.

«Бизге да, Кытайга да оңой болбойт. Эки команда тең бир катар машыгууларды өткөрдүк. Буга чейин Кытайдын жеңгенин эстей албайм. Бирок биз алардын ойноо ыкмасын билебиз. Азырынча кандай натыйжа болору тууралуу айтууга болбойт. Эки тараптын күчү бирдей эле»,-деди ал.

Бүгүнкү беттеште «ак шумкарлардын» капитаны Валерий Кичин болот.

Эске салсак, Азия Кубогу-2019 5-январда башталып, Бириккен Араб Эмираттарынын төрт шаарында өтүүдө. Ага Азиянын эң алдынкы 24 курамасы ат салышууда. Чемпиондукту коргогон Австралия 2014-жылы бул кубокту жеңген. Кыргызстан буга биринчи ирет катышуу укугун алды.

 

Copyright © 2017 Maral FM