Саламаттыкты сактоо минитсрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине карганда жаңы жылдын түнүндө төрт киши каза тапкан.
Маалыматка ылайык, жалпысына Тез жардам кызматына жарандар 333 ирет кайрылган. Дарыгерлер «Ала-Тоо» аянтына эле 12 ирет барган. Бир киши жүрөгү кармап ооруканага жаткырылган.
Мындан сырткары Бишкек шаары боюнча үч жол кырсыгы катталган.