Марал Радиосу

Жаңы жылдын түнүндө 4 киши каза тапкан

Саламаттыкты сактоо минитсрлигинин маалымат кызматынын билдиргенине карганда жаңы жылдын түнүндө төрт киши каза тапкан.

Маалыматка ылайык, жалпысына Тез жардам кызматына жарандар 333 ирет кайрылган. Дарыгерлер «Ала-Тоо» аянтына эле 12 ирет барган. Бир киши жүрөгү кармап ооруканага жаткырылган.

Мындан сырткары Бишкек шаары боюнча үч жол кырсыгы катталган.

Exit mobile version