Биз менен байланышыңыз

Бүгүнтөн тарта түкүргөндөргө айып салынат

Кыска кабар | 1 Янв 2019 | 544 | 0

«Бузуулар жөнүндө» кодекске кирген өзгөртүүлөргө ылайык, бүгүн, 1-январдан тартып айып пулдардын көлөмү эселеп жогорулайт. Алсак, коомдук жайларда түкүргөн жарандарга 5 500 сомдон айып салына баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы адиси Азат Ракымов билдирди.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдүн кире беришине же жер төлөөгө таштанды калтыргандарга жана лифтке зыян келтиргендерге 3 миң сом айып салынат.

Көп кабаттуу үйдө жашап, батирде ишкердик кылган жарандар коңшуларынын тынчын алса 5500 сом айыпты төлөйт.

Белгиленбеген жерге таштандыларды таштоо жана өртөөгө 5 миң 500 сомдук айып каралган. Бул сумма юридикалык жак үчүн 17 миң сомду түзөт.

Ал эми белгиленбеген жерге өндүрүштүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштоо жана жалбырактарды өртөө жеке адамдар үчүн 7,5 миң сом. Юридикалык жактар үчүн 23 миң сом деп эсептелген.

Буга кошумча ит же мышык алып жүрүүдөгү эрежени сактабагандарга, өзүм билемдик менен жер участогун кеңейтип алгандарга, коомдук жайларда тамеки чеккендерге, көчөлөрдөгү люктарды ачкандарга 1000 сом өлчөмүндө айыппул салынмакчы.

Мындын сырткары милицияга, өрт өчүрүү кызматын жана тез жардамга жалган чакыруу болсо 5500 сом айып каралган. Ал эми ата-энелик милдеттерин так аткарбаган ата-энелерге 1000-7500 сомго чейин айып пул салынат. Мындай тартип саналуу күндөн кийин кирет делгени менен көпчүлүк шаар тургундарынын кабары жок. Ошондуктан тартипти киргизерден алдын элге эскертүү берүүгө чакырышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM