Биз менен байланышыңыз

«Манас ордо» жетекчисине нааразы

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 929 | 0

Таластыктар  “Манас ордо” улуттук комплексинин  жетекчиси Ормош Чоюнбаевди кызматтан кетирүүнү талап кылып чыгышты. Комплекстин кызматкерлери менен облус тургундары облустук администрацияга анын жүрүм-турумуна нааразылыгын билдирип келишти.

Алардын айтымында Чоюнбаев пенсияга чыкса да иштеп келет. Мекемеге өз бийлигин орнотуп, жамаатка кысым көрсөтүп, каалаган кызматкерди иштен айдайт. Көпчүлүк иштен чыгып калуудан айбыгып, анын бул кылыгын айта албайт.

Бирок мындай дооматтарды комплекстин жетекчиси Ормош Чоюнбаев четке кагууда.

Өкмөттүн аймактагы өкүлү Марат Мураталиев нааразы болгондордун пикирин угуп, бул боюнча жакында өкмөт башчыга кабарларын билдирди.

Кошумчалай кетсек, буга чейин дагы «Манас ордо» улуттук комплексиндеги музейдин директору Асан Жунушалиев жетекчиликтин кысымына туш болгонун айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM