Биз менен байланышыңыз

Президенттин төрагалыгында ишкердикти өнүктүрүү үчүн комитет түзүлдү

Кыска кабар | 26 Дек 2018 | 497 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү. Мындай маалыматты мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.

Комитетти Жээнбеков өзү жетектеп, төраганын орун басары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов болмокчу. Ал эми мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынан, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилеринен, эксперттерден түзүлгөн.

Комитет өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн.

Комитет мамлекеттик саясатты талдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоого жана тиешелүү мекемелерге сунуш берүүгө, бул тармакты алдыга жылдыруу үчүн жумушчу топторду түзүүгө укуктуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM