Биз менен байланышыңыз

«Тентек» Генри Форд

Блог | 26 Дек 2018 | 2126 | 0

Америкадагы металлдын мекени болгон Детройтто бир жигит электр компаниясында механик болуп иштейт эле.

Ал күнүнө 10 саат эмгектенип, жумасына болгону 11 доллар акча алчу. Ага карабастан бул жумушу өзүнө жакчу.

Күндүз иштеп, түнү үйүндөгү устаканада кыймылдаткыч куроо менен алектенчү. Атасы баласынын кылган ишине канааттанбай, убактысын текке коротпоосун эскертеткенден жадачу эмес. А кошуналары болсо, аны тентек деп аташчу.

Эч ким жигиттин колунан бир иш келээрине ишенчү эмес. Ага бир гана жубайы ишеним көрсөтчү. Аялы жолдошуна түнү иштегенде жардам берип, сааттап жанында керосин лампаны кармап, жарытып турчу.

Колдору май болгондо, тазалап арчып койчу, суукта үстүнө жылуу кийимин жабып коюп, ар дайым жанында болчу. Ал жолдошун кандай гана жагдай болбосун колдоп, кубаттап жүрдү.

Жылдар өтүп бир күнү кошуналар таң калуудан нес болуп эле калышты. Анткени тентек деп эсептешкен жаш механик көчөгө жаңы куралган унааны айдап чыкты.

Ат минип үйрөнгөн адамдарга бул кызыктуу машина чыныгы керемет эле. Бул кошуна жигиттин аты-жөнү бат эле эл арасына тарады. Генри Форд…

Форд атактуулука жетишти. Аны ысымы менен унаалар чыгарыла баштады.

Журналисттер ага ар кандай суроолорду беришчү. Алардын катарында төмөнкүдөй суроо да бар эле:

-Айтыңызчы, урматтуу мырза, кийинки жашооңузда ким болуп төрөлүүнү каалайт элеңиз?

-Ким болуп төрөлүүмдүн айырмасы жок. Болгону жубайым жанымда болсо, ошол жетиштүү! – деп Генри жылмайып жооп берди.

 

Которгон: Дайыр Максыт уулу

Copyright © 2017 Maral FM