Биз менен байланышыңыз

Туризмге бут тоскон текшерүүлөр

Коом | 25 Дек 2018 | 987 | 0

Кыргызстандагы туризмдин өнүгүшүнө коррупциялашкан аткаминерлер менен уюшкан кылмыштуу топтор тоскоолдук кылууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо айтылды. Кышкы туризм менен алектенген ишкерлер мамлекет тарабынан негизсиз эле текшерүүлөр көбөйүп кеткенин айтып, ишкерлигине тоскоол жаратып жатканын белгилешти.

Өткөн аптада эле Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Учурда өлкөдөгү 25 тоо лыжа базасынын 17си иштеп жатат. Лыжа базасынын 13ү Чүй облусунда жайгашкан.

Алардын бири ЗИЛ тоо лыжа базасы туристтерди жана эс алуучуларды кабыл алып, тейлөө көрсөтүүдө. Бирок мамлекет тарабынан негизсиз текшерүүлөр ишине тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу аталган тоо лыжа базасынын директору Акбар Разиев тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, учурда кышкы туризмдин сезону жакшы болуп жатат. Бирок ай сайын Салык кызматы, Финансы полициясы көрсөтмөсү жок эле текшерүүгө ала берип, ишке тоскоолдук жаратууда.

-Биз ишкерлик менен алектенишибиз керекпи же документ иштери менен эле убара болуп жүрө берелиби? Бул боюнча кайрылбаган жагым калбады. Аргам кетип мамлекеттик текшерүү органдарын сотко бердим. Сот мен жакка чечип берип, бардык инстанцияларда 100 пайыз туура деп тапты. Соттун кызыкчылыгы үчүн Башкы Прокуратура кийлигише албайбыз дешет. Эгерде көрсөтмөсү жок эле текшерип келген органдарды куусам, мага миллиондогон суммада айыппул жазып коюшат.

Тегерек столдо Салык кызматынын өкүлү коюлган дооматтарды жоопсуз калтырды.

Ал эми Башкы Прокуратура негизсиз текшерүүгө кабылган ишкерлердин укугун коргоо даяр. Бул тууралуу аталган органдын өкүлү Жыргалбек Курманбеков билдирди.

Анын айтымында, өткөн тогуз айда ишкерлердин укугун коргоо жаатында 327 мыйзам бузуулар аныкталган.

-Көрсөтүлгөн мезгилде ишкердик субъектилердин укук коргоо органдары тарабынан 2052 жана салык кызматынан 4443 текшерүү дайындоо актылары келип түшүп, укук коргоо органдарына 1911, салык кызматына 4351 дайындоо актысы катталып, текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилген. Ал эми 233 акты боюнча каттоодон баш тартылган. Аталган текшерүүлөрдүн 1808 пландуу, ал эми 4453 плансыз текшерүүлөр болуп катталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов туризмдин өнүгүүсүнө мамлекет өзү эле бут тосуп жатат деген пикирге кошулат. Ал текшерүүлөрдү жоюп, туристтерге жагымдуу шарт түзүүгө коррупциялашкан система жолтоо болуп жатканын белгиледи.

-Сингапур, Малайзия, Вьетнам, Гонконг, Түркия жана Испания туризм менен өнүгүп жатат. Аталган өлкөлөр туристтерге жөн эле сыйынат. А бизде туристке аэропорттон баштап, кеткенче азап берет. Ошентсе да келип жаткан туристтерге рахмат айтуу керек. Азап көрсө да биздин өлкөгө келип, жаратылышыбыз менен суктанып кетишет. Ишкерлерди да текшерүүнү азайтышыбыз керек. Бир жылда бир эле жолу отчётун алып коюшсун. Анан улам эле текшерип, каматам дегени — коррупция.

Кыргызстанда 2018-жылы туристтик зонадагы коопсуздукту камсыздоочу милициянын атайын бөлүмү ачылган. Туристтик милиция 28-декабрдан тарта иштей баштайт. Бишкек ШИИББдин адистештирилген милиция ротасынын патрулдук кызматынын командири Борборбек Ташматовдун маалыматында, милиция туризм департаменти менен чогуу иштейт. Туристтик милиция ишин жакшыртып, келечекте туристтердин жүргөн жерин да көзөмөлдөп турушат.

Бардык кызматкерлердин табелдик тапанчасы бар. Ошондой эле атайын автоунаа берилет. Укук бузуу тууралуу маалымат болсо, милиция дайым барууга даяр. Учурда Бишкекте иштеп жатабыз, ошентсе да башка жерлерге да чыгып турабыз. Мисалы, 28-декабрдан кийин кызматкерлер тоо лыжа базаларына барып иштейт. Андан сырткары, Ысык-Көлгө да командировка барышат.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу туризм ишкерлигинин 60 пайызы көмүскөдө экенин кабарлады. Ошондуктан салык кызматкерлери туристтерден түшкөн кирешени аныктоо үчүн текшерүүлөрдүн негизинде жардам бере турганын кошумчалады.

-Быйыл 10 айда Чек ара кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанга 5,8 млн адам кирген. Анын жарымы эмгек мигранттар, калган 2 млн адам туристтерди түзөт. Өлкөгө келген ар бир турист 500 доллар каражат коротот. Анын 2 миллионго көбөйткөндө, көп сумма чыгат. Бирок туризм тармагынан болгону 85 млн сом салык түшкөн. Ошондуктан 60 пайыз туризм ишкерлиги көмүскөдө. Конок үйлөрүнүн, пансионаттардын ээлери жана башкалар кирешесин жашырууда. Анын салык кызматкерлердин жардамы менен аныктоого болот.

Эске салсак, өкмөт башчы «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтомуна кол койгон. Ага ылайык, ишкерлерди текшерүүгө убактылуу тыюу салынган. Ал 1-январдан тарта күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM