Биз менен байланышыңыз

Төрага Жумабеков айылдагы мектеп окуучуларына кичи автобус белек кылган

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 1382 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы мектеп окуучулары үчүн кичи автобус белек кылган. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылынын окуучулары мектепке баруу үчүн 7 км жолду басып өтүшү керек. Бул көйгөйдү жоюу максатында төрага Жумабеков мындан эки жыл мурун өз чөнтөгүнөн кичи бус белек кылган. Учурда аталган бус окуучуларды күнүнө үч маал мектепке ташып, кайра айылга алып келет.

Кичи автобустун айдоочусуна айлык акыны айыл өкмөт төлөп берет. Ошондой эле күйүүчү май дагы айыл өкмөт тарабынан камсыздалгандыктан, окуучулар акысыз түшүшөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM