Биз менен байланышыңыз

Догоев: 189 кызмат тез арада электрондук форматка өтүшү керек

Без рубрики | 25 Дек 2018 | 564 | 0

189 мамлекттик кызмат тез арада электрондук форматка өтүшү керек. Бирок бул оор процесс. Себеби өнүккөн сайын жарандар тарабынан коюлган талаптар өсө баштайт. Бул тууралуу санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Дастан Догоев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, маалымкаттарды 26 мамлекеттик орган берет жана талап кылат. Маалымат алмашуу процессин толугу менен электрондук форматка өткөрүп, жарандардан түрдүү маалымкат талап кылууну жокко чыгаруу зарыл.

«Мамлекеттик органдар арасында документ алмашууну электрондук форматка өткөрүү максатында «Түндүк» системасы ишке кирип жатат. Тиешелүү мамлекеттик органдардын өздөрүнүн да базалары болот. Маалыматтык коопсуздук маселелеси, тобокелчиликтер пайда болот. Кибер коопсуздук боюнча бирдиктүү стратегиялык документ кабыл алынып, шарттар түзүлүшү керек. Бул жакын арада ишке ашат. Мындан сырткары, электрондук форматта төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча бирдиктүү системаны түзсөк деген оюбуз бар. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен иштеп жатабыз», — дейт Догоев.

Ал ички IТ компаниялардын потенциялын колдонуу менен биридиктүү иш алынып барылса жакшы жыйыныктар болорун белгилейт.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январынын тарта Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Digital CASA (Борбор Азия – Түштүк Азия) – Кыргыз Республикасы» долбоору ишке кирет. 5 жылга каралган долбоордун жалпы бюджети 50 млн доллар. Анын теңи насыя болсо, жарымы грант. Долбоор өзүнө төрт компонентти камтыйт.

«Биринчиден, улуттук жана регионалдык инфратүзүмдүн сапатын жогорулатуу жана аны модернизациялоо; экинчиден, регионалдык интеграциялоо, тагыраагы, Кырызстанды транзиттик өлкөгө алып келүү, бирдиктүү маалыматтарды сактоочу жайды куруу, мыйзам базасын өнүктүрүү каралган», — дейт Догоев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM