Биз менен байланышыңыз

Трамп: 7 жашта Аяз Атага ишенүү уят!

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 773 | 0

Жаңы жылга карата  АКШ президенти менен Биринчи айымы жаш балдарга телефон чалып, куттукташты. Бул АКШнын айрым мамлекеттик телеканалдарынан түз алып берилди.

Ошондой эле биринчи айым Мелания Трамп өзүнүн Твиттердеги баракчасынан бул тууралуу: «Биз президент экөөбүз өлкөдөгү балдардын майрамды жакшы маанайда өткөрүүсүнө жардам берүү менен чоң ырахат алдык. Бул иш менин эң сүйгөн адатыма айланып калды»,-деген.

Анда коомчулуктун кызуу талкуусуна айланган жагдай президент Дональд Трамптын 7 жаштагы Коулмен аттуу баланы куттуктап, аяз атага ишенип-ишенбесин сурап жатып: «7 жашта деле аяз атага ишенүү уят да, ээ?»,-деген сөзү болду.

Трамптын бул сөзү социалдык желелерге дароо тарап, кээ бири муну туура баалап, балдарды жашынан жок нерсеге ишенүүгө үндөбөй, реалдуулукка үйрөтүү керектигин айтышса, бир даары кичинекей баланын кыялын ойрондотуу катары баалашты.

Эске салсак, буга чейин жаш балдарды кайгысыз жомок дүйнөсүнө ишендирүү менен кубанычтуу көз ирмемдерди тартуулоо максатында аяз атага ишендирүү туура көрүлсө, азыркы учурда психологдор балдарга аны бир жолу гана келчү кудай сыяктуу таанытпастан, Кудай ар дайым угарын, тилегин берерин жана реалдуу жашоону кубанычтуу кылып сүйдүрүүгө аракет кылуу керектигин баса белгилеп келишет.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM