Биз менен байланышыңыз

Финчалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш берилди

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 542 | 0

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге сөгүш берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Мындай чечимге эмне себеп болгону маалыматта айтылган эмес.

Акыркы кезде Финансылык чалгындоо кызматы банктардан эсеп жана ячейка ээлери боюнча маалыматты талап кылууда. Мекеме бул мыйзамга ылайык жасалып жатканын айтууда.

Ал эми Улуттук банк Финчалгындоо кызматынын бул талабы мыйзамга туура келбей турганын айтп эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM