Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев туугандары баккан балдардын базасын түзүүнү тапшырды

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 772 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси тууралуу чукул кеңешме өткөрдү. Анда ал тийиштүү мамлекеттик органдарга балдарга болгон зомбулуктун алдын алуу тапшымарсын берди.

Алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, орун алган фактыларга ыкчам жооп кайтаруу керек. Ошондой эле мындай кылмыштарга барган жактардын гана эмес, компетенттүү органдардын тийиштүү кызматкерлеринин, анын ичинде укук коргоо органдарынын аракетсиздиги жана жоопкер мамилеси үчүн кылмыш жоопкерчилигин катаалдатуу зарыл», — деди Абылгазиев.

Ошондой эле райондук штабдардын шаар мэрлери жана райондук администрация башчыларынын жетекчиликке алуусун тапшырды. Токтоосуз түрдө үймө-үй кыдырууларды уюштуруп, туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын маалыматтык базасын түзүү керектигин айтты.

Өкмөт башчы ошондой эле укук коргоо органдарына балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча акыркы фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну жана күнөөлүү жактарга мыйзам алкагында катаал чараларды көрүүнү тапшырды.

Эске салсак, Жети-Өгүз райондук ооруканасына денесинде көгала тактары бар наристе түшкөнү маалымдалган. Бир нече убактан кийин бала эсине келбей реанимация бөлүмүндө чарчап калган.

Суракка алынган 40 жаштагы аял баланы ага сиңдиси таштап кеткенин айткан. Ал ошондой эле наристе шымына сийип койгону үчүн чыбык менен чаап, чымчып койгонун моюндаган.

Copyright © 2017 Maral FM