Биз менен байланышыңыз

Дыйканбаевдин «тамашасы» талашка айланды

Саясат | 24 Дек 2018 | 880 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева ак үй тараптан коркутуулар болуп жатканын коомчулукка айтып чыкты.

Депутат Эльвира Сурабалдиевага ак үйдөн коркутуу болуп жатканын өткөн аптада өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Анда ал коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөнүнө карата ачык коркутушканын айткан.

Эртеси коркуткан киши Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев экенин, ал “Росинбанк” жана “Кыял” мамлекеттик ишканалары тууралуу маселени көтөргөнү үчүн ачуусу келгенин айткан. Бул жагдай президенттин аброюн түшүрүп жатканын «Маралга» берген маегинде айтты.

Президентибиз коррупция менен күрөшкүлө деп бизди дагы колдоп жатат. Эки жакты карабай мамлекеттин кызыкчылыгын колдогула деп жатса, ушундай адамдарыбыз ажобуздун аброюна шек келтирип жатат. Ушундай өзүн Кудай сезген өкүлдөрдүн мамилеси коррупцияга каршы турган системаны бузулушуна алып келүүдө.  

Ал эми  Курманбек Дыйканбаев муну четке кагат. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева корко турчу депутат эмес экенин белгилеп, бирок кабинетинде жолукканын тастыктады. Жолугушууда Сурабалдиевадан башка Жанар Акаев жана Айсулуу Мамашевалар болгон. Бирок ал жерде «Росинбанк» жана «Кыял» жөнүндө сөз болгон эмес.

Болгону курч маселени көтөргөн депутат катары этият болууга чакырганын айтып, эгер эл өкүлүнө карата коркутуулар болсо, анын жанында болорун Дыйканбаев белгиледи.

Сурабалдиева корко турчу депутат эмес. Ал күчтүү. Мен аны он жылдан ашык убакыттан бери билем, үй-бүлөсүн тааныйм. Өткөн бейшемби күнү үч депутат бир маселе менен келишкен. Алар менен сүйлөшүп жатканда «Росинбанк» жана «Кыял» жөнүндө сөз болгон эмес. Болгону комитетте сүйлөгөн сөздөрү абдан курч маселе болгондуктан ага катары этият болууга чакыргам. Эч кандай жаман оюм жок. Эгер чынында анын өмүрүнө коркунуч туудура турган болсо, мен анын жанында болом.

Чындыгында, президенттин өкүлү Жогорку Кеңеш депутатын коркута албайт. Анткени эки тарап тең бийликтин бутактарына кирет. Ошол себептүү эл өкүлү тиешелүү мыйзамдар аркылуу өзүн коргоого толук мүмкүнчүлүгү бар. Андыктан бул маалымат толук такталып чыгышы керектигин КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров айтты.

Депутаттын толук ыйгарым укуктары бар. Эгерде кимдир бирөө тараптан коркутуу-үркүтүү болсо, депутатта контролдук функция бар. Өзүнүн укуктарын коргоп алганга күчү толук жетет. А бирок депутатка коркутуу болбошу керек. 

Коркутуулар ачык эмес, жабыр формада гана болорун саясатчы Равшан Жээнбеков айтууда. Мындай иштер атайын органдардан жасалат. Ушундан улам Дыйканбаев тараптан коркутуулар болду деген кептерге ишенбейт.

Коркутуу дайыма жабык каналдар аркылуу болот. Эч качан ачык каналарлар аркылуу жасалбайт. Экинчиден, ал атайын кызматтар аркылуу жүзөгө ашырылат. Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү эч убакта эч кимди коркута албайт. Мындай кептерди саясатты түшүнбөгөндөр гана айта бериши мүмкүн. Өкүл коркутам деген күндө дагы анын коркута турган инструменттери жок. Ошондуктан бул жерде тамашалап айтып коюшу мүмкүн. Бул жерде коркута ала турган адамга жана институтка жатпайт.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өткөн аптада комитет жыйынында бизнеске коркутуулар болуп жатканын ачык айткан. Мындан улам эл өкүлүнө коркутуулар башталганын социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыккан эле.

Copyright © 2017 Maral FM