Биз менен байланышыңыз

Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөт

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 560 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин жаңы шайланган төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды. Анда судьяларын тандоо боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маселелер талкууланды.

Барыктабасова учурда жүрүп жаткан сот реформасынын алкагында Кеңештин орду, алдыда аткара турган иштер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчы жаңы талапкерлерди тандоодо алардын кесипкөйлүк, адамдык сапаттарына өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле ушул жумада президенттин алдындагы Сот реформасы боюнча кеңештин жыйыны өтөөрүн эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM